Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалык кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Дастан Догоев учурда президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси экени белгилүү. Ал 2014-2017-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. 2017-2018-жылдары бул мекеменин төрагасы болгон.
Кечээ Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчиси Бакыт Шаршембиев кызматтан кеткен.
Маалымат үчүн: Өкмөттүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошогон шартта премьер-министр президентке өкмөт мүчөсүнүн бош кызматтык ордуна Жогорку Кеңештин жактыруусу менен 5 иш күнүнүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт.
Президент Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө өкмөт мүчөсүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.