Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасында кайым айтышуу болуп, асманга ок атылды

Баткен облусуна караштуу Кара-Бак айылынын Эски-Мазар аймагындагы Кыргыз-Тажик чек арасында асманга ок атылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-майда Кара-Бак айылынын Эски-Мазар аймагындагы көрүстөнгө кечээ сөөгү жерге берилген жарандын туугандары куран окууга келишкен. Ошол учурда Тажик чек арачылары келип, Кыргыз жарандары менен кайым айтыша кетишкен.

"Кыргыз тарап тажик чек арачыларын ал жерден кетүүсүн талап кылган. Чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөн. Ошол учурда Кыргыз жарандары өз алдынча тажик чек арачылары жүргөн багытка аң каза башташкан. Ал эми тажик чек арачылары асманга эскертүү катары ок чыгарышкан. Азыркы учурда Кыргыз-Тажик чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу уланууда. Ошону менен бирге жергиликтүү жашоочуларга чек арачылар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми жергиликтүү тургундар бийлик өкүлдөрүнүн жетекчилери келишин талап кылышууда", - деп жазылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, Эски-Мазар аймагындагы көрүстөн шарттуу түрдөгү мамлекеттик чек арадан 150 метр алыстыкта, тактап айтканда, Тажикстандын аймагында жайгашкан. Бирок бул жер азыркы күнгө чейин тактала элек.

Маалымат үчүн: Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстан Республикасынын чек ара сызыгынын узундугу 972 чакырым. Ал эми анын 330 чакырымы азыркы күнгө чейин тактала элек.

Буга чейин Чек ара кызматы эки элдин ортосундагы кайым айтышуу сарайдын сынган каалгасынан улам чыккан деп маалымат тараткан. Ал эми аталган айылдын өкмөт башчысы кайым айтышуу көрүстөндөн улам чыкканын билдирген.

Кыргыз-Тажик чек арасында асманга ок атылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Blackmoon
2019-05-22 16:34:10
Соке эшек такалап олтурабы качанга чейин түшүндүрүү иштери боло берет. Сек ара маселесин чечип тикен зым менен тосуп салбайбы
+7
guli-1980
2019-05-22 16:43:22
Жениш Раззаков барбадыбы
+3
Dalil
2019-05-22 18:36:01
guli-1980, сатып бүткөн ал Баткендин жерлерин. Эми бармак беле?
+4
Kurmanbek_81
2019-05-22 16:47:14
Көрүстөн кантип Тажикстандын карамагында жайгашып калат. Ойлонуп жазгылачы жанды кашайтпай же алдырып жибердикпи
+7
BekAmir
2019-05-22 16:51:04
Туура маалымат бергиле кантип эле тажикстанда жайгашсын? Ал биздин ата-баба жашаган жер
+3
BarsBaatyr
2019-05-22 17:38:31
Буга дагы Мадумаров күнөөлүүбү?
+3
bond02
2019-05-22 18:09:37
Жолугушуу тушундуруу иштери тажик тараптын пайдасына эле чечиле береби? Серьёзно суйлошуп койбойсунарбы бийлик окулдору.
+3
erlan2196
2019-05-22 18:10:09
Мамлекеттик Чек ара ар дайым кан менен такталып келген.
+5
Abdizhapar
2019-05-22 18:25:21
Сокенин колунан эч нерсе келбейт 4 жыл президент болсо ушул боюнча озгоруу болбойт
+3
Dalil
2019-05-22 18:45:10
Тажиктер кирип келген жерлер алардыкы ал эми кыргыздар кирип кеткен жерлер талаш аймак болобу? Кара-Бак жана Чоң-Талаа айылдары менен чектешкен тажик айылы союз убагында Чоң-Талаа айылына карап 2 кмдей кирип кеткенде аң казып салып токтотушкан экен. Ошол боюнча ал жер тажиктики ал эми кыргыздар 150 м кирген мазар талаш аймакпы? Биздин бийлик эмнени карап отурат? Алгыла анда ошол аймактарды кайра!!!
+2
Blackmoon
2019-05-22 20:54:59
Өзү бизге бир нацист президент керек болду
+3
Take_men
2019-05-23 08:26:20
Бул талаш жерлер Союздун убагынан бери чечилген эмес. Соке дагы Сокеден кийинки президент да чече албайт. Жөн эле чече койчу иш эмес. Билип билбей эле жазып койосуңар чечпейби деп. Бул нерсени бир гана Усубалиев убагында чече алат болчу. Ал киши трайбалист болгондуктан кол шилтеп койгон. Ал турсун бир районго тете болгон Советабадды өткөрүп берген
+1
senchi
2019-05-25 08:24:23
С о к е бул жагын берет жакында
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан