Депутат шайлоо учурунда базадан аты-жөнү чыкпай калган жарандар боюнча кандай иштер аткарылганына кызыкты

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин жыйынында "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

"Шайлоо эң негизгиси тизмеден жана шайлоо участкаларынан башталат. Кыргыз өлкөсүндө канча шайлоо участкасы бар?" - деп суроо узатты депутат Тариэл Жоробеков.

Буга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова: "Акыркы шайлоодо 2 миң 375 шайлоо участкасы болгон, анын ичинен 37си чет өлкөдө ачылган", - деди.

Депутат: "Жарандардын тизмеси боюнча шайлоо болгуча 2 жолу тактоо иштери жүргүзүлөт. Тактоо жүргүзүлгөндөн кийин биометрикалык тартипте шайлоо жүрөт. Ошол учурда базадан жарандардын аты-жөнү чыкпай, алардын ордуна башка адамдар добуш берип койгон маселелер чыкты, буга кандай жооп бересиз?" - деди.

Шайлдабекованын айтымында, ар бир учур боюнча статистика жүрөт. "Биз анализ жүргүзгөнбүз, мурда идентификациядан өтпөй калган учурлар болгон болсо акыркы шайлоодо 134 адам гана өткөн жок. 2016-жылы 1 миң 800 адамдын паспортундагы МРЗ зонасы окулбай калган. 3 миңден ашуун адам идентификациядан өткөн эмес. Ар бир учур боюнча тиешелүү аракеттер көрүлөт", - деди Шайлдабекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан