Бишкек шаарынын мэриясы ата-энелерди мектеп бүтүрүүчүлөрүнө акыркы коңгуроодо унаа бербөөгө чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл шаарда 6 миң 61 окуучу 11-классты бүтүрсө, 11 миң 467си 9-классты аяктайт. 25-майда саат 9:00дө бардык мектептерде акыркы коңгуроо салтанаттары өтөт. Мэрия балдардын өмүрү баарынан кымбат экенин эскертип, ата-энелерден балдарга унааларды бербөөнү суранды.