"Туңгуч" жаштар театры 2014-жылы өтүүчү 5-эл аралык фестивалга чакыруу алды

20-27-июль күндөрү Кытайда өткөн “Синьцзянь” Эл аралык балдар фестивалында "Туңгуч" жаштар театры ийгиликтүү өнөр тартуулап, кийинки жылы өтүүчү 5-эл аралык фестивалга жолдомо алып келди. Бул тууралуу КРнын Эл артисти Жамал Сейдакматова билдирди.

Кытай жергесине жаштар театры “Симул” ("Биз биргебиз") деген спектакль менен барышкан. Анда Жер шарын, жаратылышты, жаныбарларды коргоо жана алар менен бирге болуу идеясы берилген. Театр аталган фестивалга 4-жолу катышып келди. 11 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөр катышкан бул иш-чарага быйыл Түркия, Орусия, Монголия жана Индия мамлекеттеринин өкүлдөрү катышкан. Ага жалпысынан 13 өспүрүм катышууга боло турганына карабай бул жылы Кыргызстандан 20 өспүрүм барды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан