Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлору каралды.
Депутат Бакыт Төрөбаев мыйзам долбоорлордо олуттуу өзгөртүүлөр дээрлик жок, киргизилген түзөтүүлөр техникалык мүнөзгө гана ээ экенин айтты. Төрөбаев аталган мыйзам долбоорунун демилгечилерине башка депутаттар тарабынан иштелип чыккан альтернативдүү долбоорлорду дагы карап чыгуу керектигин билдирди.
Депутат Кенжебек Бокоев: "Аталган мыйзам долбоорлору кечээ күнү эле тийиштүү комитетте каралып, бүгүн палатага чыгып жатат. Мен шайлоо боюнча мыйзам долбоорду качан жөнөттүм эле? Бүгүнкү күнгө чейин жооп жок", - деди.
Жыйынтыгында "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Референдум жөнүндө" Конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзамдын долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.