"Супер-Инфонун" негиздөөчүсү Кылычбек СУЛТАН: "Абылгазиев кетсин!!!"

"Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султан өзүнүн баракчасында "Супер-Инфого" болгон негизсиз асылууларга карата пикирин жарыялады.

"Абылгазиев кетсин!!! Финпол аркылуу, Кыргызпочтасы аркылуу "Супер-Инфону" муунтуу аракети бүгүн 4-жолу ишке ашкан жок. Юрист Таалайгүл Токтакунова жана райондук, шаардык соттор "Супер-Инфого" коюлган дооматтардын суу кечпестигин 2 айда 4 ирет далилдешти...

Балким, Абылгазиев эмес "серый кардинал" бул аракеттердин артында тураттыр... Финпол менен Кыргызпочтасынын жетекчилик курамында Бажалардын "гений" туугандары отурган жок беле, билсеңер жазып койгулачы?" - деп жазат Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы жана Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан.

Ошондой эле Кылычбек Султан "Супер-Инфого" болгон чабуул учурунда саясий партиялардан "Бүтүн Кыргызстан" гана гезитти ачык колдоп чыкканын, КСДП жана "Ата-Мекендин" карапайым кээ бир мүчөлөрү колдоп, ал эми аталган партиялардын жетекчиликтери "страус" позасын кабыл алышканын кошумчалап, жарандык коомдон Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов, Рита Карасартова, Мирбек Айтикеев жана башкалардын колдоолорун да баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан