31-июль күнү Түркиянын Анкара шаарынын Кечиорен аймагында “Рамазан” эл аралык фестивалынын алкагында Кыргызстандын күндөрү болуп өттү. Бул тууралуу композиторлор союзу билдирди. Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын үйүн жасап, кооздоо жана кыргыз искусствосунун, маданиятынын өкүлдөрү даярдаган концерти коюлду. Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин чакыруусу менен фестивалга Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреты “Ак шоола” балдар хору катышты. Аталган балдар хору 4-август күнү Түркиянын Эскишехире шаарында концерт коюусу пландалууда.