Жаштардын "КТ Мобайлга" каршыбыз" кыймылы митингдерди уюштурарын билдирди

Бүгүн, 24-майда Бишкекте "Биз "КТ Мобайлга" каршыбыз" деген кыймылы түзүлгөнү белгилүү болду.

Бул кыймылдын мүчөсү, "Мекенчил" партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспековдун айтымында, учурда бул кыймылга 40ка жакын адам кирет.

"КТ Мобайл" чү дегенде эле ызы-чуу менен башталды. Бир топ аткаминерлер кызматтан кетти. Абдан чоң чырлар чыгып жатат. Биз, жаштар "КТ Мобайлга", өкмөттөн каражат бөлүнгөнүнө каршыбыз. Эмне, бизде завод, фабрикалар курулуп калды беле? Ошол каражатка завод, фабрикаларды курбайбы. Бүгүнкү күндө 168 миллион сомду "Мегаком" которуптур. Бирок бул акча каякка кеткенин айта албай жатат. Каражат кайда кеткенин депутаттык комиссия иликтеп жатат. Биз акча сол чөнтөккө кетти го деп шектенип жатабыз", - деди Аспеков.

"КТ Мобайлдын" карызы бар экен. "Мегакомдун" директору Акылбек Жамангулов каршы чыгып "мени мажбурлап жатат" деп айтты. "Мегакомдун жетекчиси келечекти ойлоп жатат деп ойлоп жатабыз. Бул бала жаш болсо да чоң системге каршы чыгып жатат. Булар мүмкүн "Мегакомду" талкалаган жолго түштү. Бизде жетиштүү уюлдук оператор бар. Бүгүн биз жумушчу орундарга муктаж болуп жатабыз. "Мегаком" - биздин улуттук мүлкүбүз. Ошондуктан жаштар "Биз "КТ Мобайлга" каршыбыз" деген кыймыл түздүк. Учурда ага 40 адам кирет. Жаштарды биздин кыймылга кошулууга чакырабыз. Эгер өкмөт "КТ Мобайлды" түзүү аракетин улантса, биз митингдерди уюштурабыз", - деп кошумчалады активист.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан