Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй кызматынан кетерин жарыялап жатып көзүнө жаш алды

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Консервативдик партиянын лидерлигинен кетерин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, Мэй ушул жылдын 7-июнунда кызматын тапшырат.

"Мен өзүм жетектеген партиянын лидерлигинен кетүүнү чечтим. Мындан сырткары жаңы премьер-министр шайланмайынча өкмөт башчылык милдетти аткарып турмакчымын. Чечимим тууралуу ханыша Елизавета IIге кабарладым жана парламенттин өкүлдөрү менен кызматымдан кеткенден кийин 2 жуманын аралыгында жаңы лидер шайлана тургандыгын макулдаштык.

Мен өлкөдөгү экинчи аял премьер-министр болдум, бирок акыркы эмесмин деп ишенем. Өзүм сүйгөн өлкө үчүн кызмат кылууга мүмкүнчүлүк алганым үчүн абдан ыраазымын", - деген Мэй көзүнө жаш алган.

Тереза Мэй Улуу Британиянын Европа биримдигинен чыгуу чечимине байланыштуу сынга кабылып келген. Буга чейин бир нече жолу Европа союзунан чыгууга каршы миллионго жакын адам чогулган митингдер өткөн.

Айрым ЖМКлар министрлер кабинети премьер-министр Мэйге ишенбөөчүлүк көрсөтүп, аны кызматынан алгандан кийин Европа биримдигинен чыгуу маселеси кайра каралышы мүмкүн экендигин жазышкан.

Тереза Мэй 2016-жылдын июль айынан бери Улуу Британиянын өкмөтүн жетектеп келген. Ага чейин премьер-министрлик кызматты аркалаган айым бир гана Маргарет Тетчер болгон.

Тереза Мэй кызматтан кетерин жарыялады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
katerina.li
2019-05-24 17:32:51
Биздикилер качан ушинтип козуно жаш алып кетип калышат болдукен??
+3
Bayaas
2019-05-24 21:14:52
katerina.li, Түшүңдө көрбөсөң оңунда болбойт.Сенин алгач түшүңө кирсин анан болот
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан