Украинанын президенти Володимир Зеленскийди кызматтан кетирүү жөнүндө петиция жетиштүү добуш топтой алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, петициянын автору Зеленскийдин мамлекеттик лидерге тийиштүү саясий багыты, так планы жок деп билдирген. Петиция 25 миңден ашык добуш топтой алды.
"Сиз так убада берген жоксуз. Бирок сиздин шайлоо, инаугурациядан кийин так жолуңуз болушу керек. "Элдин кулу" өзүнүн элинин алдында моралдык жоопкерчиликке ээ боло албаган кырдаал түзүлүп жатат. Ошондуктан биз тез арада президенттик кызматтан кетишиңизди талап кылабыз", - деп жазылат петицияда.
25 миң добуш чогулган соң президент бул маселени караш керек. Бирок Зеленский петицияга реакция кылбай турганын Украинанын президенттик администрациясынан билдирген.
Украинадагы президенттик шайлоонун алгачкы туру 31-мартта өткөн. 39 талапкер катышкан шайлоодо Зеленский шайлоочулардын 30,24 пайыз добушуна ээ болсо, Порошенко 15,95 пайыз добуш алып 2-турга өткөн. 21-апрелде шайлоонун 2-туру өтүп, Зеленский атаандашынан дээрлик 3 эсе көп добуш топтоп уткан.
Володимир Зеленскийдин өмүр баяны төмөнкү шилтемеде.