Кечээ, 24-майда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында жол кыймылынын эрежесин бузуулар үчүн айып пулдардын өлчөмү боюнча маселе каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйын жүрүшүндө депутат Алтынбек Жунус уулу "Коопсуз шаар" долбоорунун 2-3-фазасын жергиликтүү бийликке берүүнү сунуш кылды. Жунус уулу аткаруу бийлиги жол кыймылы эрежелерин бузууда айып пул менен эле алектенбей, жол белгилерин коюу, тууралоо сыяктуу шарттарды дагы эске алышы керектигин айтты. Эл өкүлүнүн пикиринде, анча кооптуу болбогон эреже бузууларга айып пулдарды азайтуу керек. "Ал эми каршы тилкеге чыгуу, кызыл чырактан өтүп кетүү сыяктуу одоно бузууларга айып пулдар туура эле. Мас болуп же маӊзат колдонуп айдагандарга айып пулдун өлчөмүн дагы көбөйтүү зарыл", - дейт ал.