Сот-укуктук реформаны өткөрүүнүн жүрүшү талкууланды

Сот-укуктук реформанын алкагында иш-чараларды өткөрүүнү талдоо боюнча эксперттик топтун мүчөлөрү вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда укук коргоо органдарынын тергөө жана ыкчам кызматтарынын иштөө маселелери каралды. Ошондой эле республиканын аймактарындагы укук коргоо жана сот органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын сот реформасынын алкагында кабыл алынган мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча ишин иликтөөнүн жыйынтыктары талкууланды. Мындан тышкары сот-укуктук реформанын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын жыйынтыктары тууралуу дагы сөз болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан