Айыл чарба министри кызматына өзүнүн талапкерлигин сунуштаган 28 жаштагы Токтогазиев: "Коомчулуктан ушунчалык колдоо болот деп күткөн эмесмин"

Ишкер Тилек Токтогазиев кечээ, 24-майда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына өзүнүн талапкерлигин сунуштаган. Ал бүгүн, 25-майда маалымат жыйын өткөрдү. Анда Токтогазиев министр кызматына талапкерлигин сунуштагандан кийин коомчулуктан ушунчалык колдоо болот деп күтпөгөнүн айтты.

"Азыркы убакта Кыргыз мамлекетинин ар кайсы аймактарындагы, чет мамлекеттердеги күчтүү кесипкөйлөрдөн колдоолорду алдым. Ошол колдоо менен жакшы команда түзүп, айыл чарба тармагында кескин реформаларды жасайбыз. Биз айыл чарбаны жаңы деңгээлге чыгарганга даярбыз. 100 миңдеген дыйкандарыбыз былтыр продукцияларын сатканда кыйналышты. Биз бул көйгөйдү чечүүгө аракеттенебиз", - деди ал.

Тилек Токтогазиев алгачкы миллион сомун 22 жашында тапканын жана чоң күнөсканаларды куруп иштетип жатканы менен коомчулукка белгилүү.

Кечээ айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев отставкага кетүү боюнча арыз жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Sabette
2019-05-25 16:56:15
Алга келечек жаштардын колунда жаштар аракет кылбаса карышкырлар жеп бүтмөй болду
+20
ruslanz
2019-05-25 17:11:32
Картан чалдарды чон кызматтарга койюшат,алар копту билишет деп.Ошолор дегиэле жыргатпай койюшту го.Ушул баланы койгулачы, бир байкап королу.Энергичный кишилерди койгула да,чарчап калгандарды койбой.
+12
Kubat77
2019-05-25 19:15:44
Тилек ишине ийгилик каалайм жаштардан коч башы болуп сен барсан калганы артындан барат.
+4
bessmertiy
2019-05-25 19:22:56
Мына иштеймин деген адамды эл өзү эле колдоп алат. Эгер ушунун ордуна канча жылдан бери бийликте жүргөн бирөө өзүнү сунуштаганда күлкү болмок. Мен да колдойм. Эл-жер үчүн иштеп бер!
+5
Mister-X
2019-05-25 20:10:23
Бул баланын интервьюсун коруп,жакшы баа бердим эле.Колдойт элем
+6
katerina.li
2019-05-25 20:22:46
Эл ушундай башы иштеген адамдарга суусап турат. Чалдар 30 жылдан бери соруп буттуго элдин канын
+6
talant87
2019-05-26 00:38:12
Тилек сага окшогон танышы жок келсин себе танышын бажасын колдогондор .......
0
Pamirlan
2019-05-26 08:09:59
Алга,мен колдойм, ийгилик сизге
+3
Dembele84
2019-05-26 11:28:45
Иштеп эле берсен эмнеге колдобой коймок эле? Кобуп кетпей колдон келишинче иштеп бер,наркы карышкырлар коруп оздору уялсын.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан