Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 26-майда саат 05:47де катталган. Жер титирөө Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Ноокат, Борбаш, Кара-Таш айылдарында 2 жарым баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.