28-майда парламент комитетинде Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин талапкерлиги каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жасайт. Догоевдин талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштады.
Дастан Догоев учурда президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси экени белгилүү. Ал 2014-2017-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. 2017-2018-жылдары бул мекеменин төрагасы болгон.