Бишкек шаарында Жибек Жолу көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Жибек Жолу көчөсү Чымкент көчөсүнөн Манас проспектисине чейин жабылды. Оңдоп-түзөө иши 10 күнгө чейин созулат. Мэрия шаардыктарды, айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандоого чакырат.