Президент эки министрдин отставкасын кабыл алды

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков эки министрдин отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Жээнбеков кол койгон жарлыктарга ылайык, айыл чарба, тамаш-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев жана экономика министри Олег Панкратов кызматтарынан бошотулушту.

Өткөн аптада 24-майда аталган эки чиновник кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышкан. Мурашев ден соолукка байланыштуу десе, Панкратов көптөгөн сындардан улам деп түшүндүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан