Депутат Мирлан Бакиров илимге көңүл буруп, ага каражат бөлүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
"Айрым коруктардын статусун кайра карап чыгуу зарыл. Айрымдарыныкын жеңилдетүү, айрымдарыныкын күчөтүү шарт. Буга жергиликтүү калктын талаптары эске алынышы керек. Жаратылыш сейил бактарынын, коруктардын бүгүнкү абалына жараша иш-аракеттер жасалууга тийиш.
Мисалы, бүгүнкү күндө түзүлгөнүнө бир топ жыл болгон айрым коруктарга бирөө да басып барган жок. Бир жалбырагы же курт-кумурскасы иликтенген, изилденген баяндама барбы? Иш бөлмөдө отуруп алып эле "болот" же "болбойт го" өттү. Себебин сурасаң "айлык аз, каражат бөлүнбөйт" деген жооптор. Ооба, ал жагы да туура, тилекке каршы, бизде илим тармагы кароосуз калды. Илимге көңүл буруп, ага каражат бөлүү керек", - дейт депутат.
Комитет жыйынында “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө”, “Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө”, “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” мыйзамдарынын аткарылышы тууралуу” Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралды.