"Бир колубуз менен кыргыз киносу өссүн деп акча берип, экинчи колубуз менен тартып алып жатабыз" деп бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат Садык Шер-Нияз билдирди.
"Кыргыз киночулары кино тартып, эмгегин кинотеатрга коюп жатышат. Биз уялбай туруп КМШ өлкөлөрүнүн арасынан жападан жалгыз кошумчаланган нарк салыгын алып отурабыз.
Биз демилге көтөрсөк эле Финансы министрлиги "бул биздин саясатка туура келбейт" дейт. Бул эмне деген саясат? Мен түшүнбөйм. Кыргыз киночулары ошол жерде тил үйрөтүп, маданиятты көтөрүп жатат. Биз болсо уялбай салык алып жатабыз", - деди депутат.