Айтмамат Назаровдун ордуна Айнура Аскарова депутат болуп келди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Айнура Аскаровага бүгүн аталган комиссия тарабынан мандат тапшырылды. Айтмамат Назаров башка кызматка дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Ал "Улуттук энергетикалык холдингдин" жетекчиси болуп дайындалган.
Айнура Аскарова буга чейин бир канча басылмаларда иштеп келген. 2018-жылдан бери Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясында бөлүм башчы болуп эмгектенет.