Кыргыз өлкөсүндө тыюу салынган жашыруун маалымат алуу үчүн колдонула турган тыңшоочу жабдуулар табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.
"Тыңшоочу аппараттар К.Д. аттуу жарандын үйүн тинтүү учурунда табылган. Мындай атайын жашыруун маалымат алуу үчүн колдонулган тыңшоочу аппараттарды өлкө аймагында колдонууга тыюу салынган", - деп жазылат маалыматта.
Аталган факт боюнча кылмыш иши ачылып, жабдыктар экспертизага жөнөтүлгөн.