Муфтият: "2019-жылдагы Кадыр түн 31-майдан 1-июнга караган түнү белгиленет"

2019-жылдагы Кадыр түн 31-майдан 1-июнга караган түнү белгиленет. Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түн. Мындай маалыматты Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымдады.

Кадыр кечесинин жашырылып, сыр болуусунун себеби эмнеде?

  1. Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда, анда жалкоо адамдар бүгүн Кадыр кечеси деп калган күндөрү түнкү ибадаттарды таштап салмак.
  2. Эгерде Кадыр түнү бир күнгө белгиленип калганда, кайсыл бир пенде кокусунан ал кечени тосо албай калса, калган түндөрү өкүнүп калмак.
  3. Канча кече үмүт кылып Кадыр түн тоссо, ар бирине өз алдынча сооп алат.

"Кадыр түндүн күндүзүн да кудум түнүндөгүдөй өткөрүү чоң сооптуу иш. Мындай кылганда касиеттүү түндүн рухтарга тараткан нурунун жарыгы мусулмандардын жүрөгүндө терең сезилет.

Бул түндүн урматына Жараткандан бүткүл мусулмандардын биз менен бирдикте күнөөлөрүнүн кечирилишин тилөөбүз керек. Кадыр түндүн жакшылыктарга себеп болуусун, достук, бир туугандык жана биримдик ымаласынын күчөшүн, мусулман дүйнөсүнүн ынтымагына жана бүткүл адамзатка түрдүү балээ-кырсыктардан алыс болуусуна багыштап дуба-тилек кылуубуз керек", - деп маалымдайт Муфтияттын басма сөз кызматы.

Кадыр түндү кандай тартипте тосуу керек экениндиги боюнча шилтеме аркылуу өтүп маалымат алыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
yrmat88
2019-05-27 21:20:58
Кыргыз жаштарын арабташтырууга жол бербеш керек. Муфтияттка арабтардын салтуу жашоосун жайылткан молдолорду эмес, кыргыз жаштарын билимге чакырган дин кызматкерлерин бекитуу керек.
-2
talas0707
2019-05-27 23:05:49
yrmat88, ал Сенин ойун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан