УКМК Атамбаев мамлекет тарабынан кайтаруусуз калды деген маалыматты төгүндөдү

УКМК жан сакчы Дамир Мусакеевдин камалып, Атамбаев мамлекет тарабынан кайтаруусуз калды деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 27-майда билдирди.

“Мамлекеттик кайтаруу жөнүндө” мыйзамы боюнча президентке, экс-президенттерге, Жогорку Кеңештин төрагасына, премьер-министрге, Жогорку Соттун төрагасына, Жогорку Кеңештин депутатынын өмүрүнө коркунуч жаралган учурда жана чет мамлекеттен жогорку кызмат адамдары келген учурда жан сакчы берилет. Маалыматка ылайык, Атамбаевдин жан сакчылары мурдагы эле санда кала берет.

24-майда Свердлов райондук соту тарабынан УКМКнын 9-кызматынын мурдагы жетекчиси, Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеев 5 жылга соттолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ekaterinburg
2019-05-28 07:51:54
"Кол тийбес"деген немеси кандай болуп калат ошондо?Жоопко тартууга болобу озу бул кишини?Бироо-жарым жоопко тартабы?Же...
0
Erik2018
2019-05-28 09:11:49
Атамбаевдин кол тийбестик укугу алынган. Эми ага каалагандай кылмыш ишин козгосо болот.
0
nabievich
2019-05-28 10:12:51
жоопко тартуу учун негиз коп Атамбаевге Дача-суу далилденсе ошол жетиштуу ТЕЦти, Батукаевди, датка-кемин линиясын айтпай эле койолу
0
Catti-80
2019-05-28 10:16:21
ОЗУ Аша Кыргызстандын кашасын чыгардыда по жизни берсе деле аз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан