Жалал-Абад шаарында "Компаньон Банкынын" филиалын курал менен тоноого аракет кылгандар видеого түшүп калган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 25-май күнү эртең мененки саат 8:20лар чамасында болуп, банктын имаратындагы видеобайкоого түшүп калган.
Банктын имаратын жеке күзөт кызматы кайтарып келген. Видеодо бет кап кийген куралчан адам банкка кирип, күзөт кызматкерин коркутканы байкалат. Белгисиз жаран касса тарапка барып, бирок кайра сыртка чыгып кеткен. Ал ошол бойдон из жашырган. Банк кызматкерлери жана күзөтчү эч кандай жараат алган эмес. Банктан акча уурдалган жок.
Учурда кылмышкерлер изделип жатат.