"Быйыл өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө 2 миллиард сом бөлөт" дейт биринчи вице-премьер

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө президенттин "2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу боюнча маселе каралды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, президенттин жарлыгында 2019-жылга карата бир катар милдеттер белгиленген. Анын айтымында, алар аймактарды өнүктүрүүгө шаарларды өнүктүрүү иш-чаралар планын ишке ашыруу каралган.

"Аймактардын жана шаарлардын экономикасына инвестицияларды тартууга багытталган туруктуу иштерди жүргүзүү зарыл. Тиешелүү органдар бекитилген шаарларды өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу боюнча чараларды өз убагында көрүүгө тийиш. Ошону менен бирге шаарларды өнүктүрүү программалары министрликтердин жана мекемелер тарабынан иштелип чыккан. Бул иш-чаралар планы менен шайкеш келиши шарт. Быйыл өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө 2 миллиард сом бөлөт", – дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bessmertiy
2019-05-28 00:11:32
Жылдын жарымы өттү го. Бөлгөнчө жыл аяктайт.
+1
shergazy9
2019-05-28 04:56:17
bessmertiy,сиз мага оз капчыгыныздан 2000сом болуп бере аласызбы,эгер ошол чын болсо!
0
JaneEr
2019-05-28 00:25:45
Болсо да жеп коюшат.
+2
Samina007
2019-05-28 08:30:48
Айыл өнүктүрүү дегениңер бул чоооң плакат рекламаны ар бир айылыңарга жазып койуу эмес санариип өнүгүүү деген. Мен гүлчөдө бир жылдан бери жүрөм эч нерсени өнүктүргөн жоксуңар. Көчө ремонттору жок Тальчик брат кылган бойдон. Базарга барып болбойт бардак.жол катар кум шагыл таксилер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан