Депутат премьер-министрди отургузбай койду: "Чарчап кеттиби? Иштейм деп келген, туруп эле турсун"

Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин комитети жыйынында Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин талапкерлиги каралууда. Анын талапкерлигин сунуштап жаткан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев талапкер тууралуу маалымат берген соң отуруу үчүн бараткан учурда депутат Мыктыбек Абдылдаев "чарчап кеттиби?" деп токтотту.

"Чарчап кеттиби? Туруп эле турсун. 16 министрдин ичинен 11и кызматтан кетти. Анан кандай болсун? Туруп эле турсун. Өкмөт үчүн иштейм деп келгенсиз, туруп эле туруңуз", - деди Абдылдаев.

Буга Мухаммедкалый Абылгазиев “маселе жок, туруп деле турам” деди.

Комитеттин төрагасы Канатбек Керезбеков: “Талапкерлер отуруп анан Мухаммедкалый Абылгазиев туруп турганы туура эмес болуп калат. Бул жерде Кубатбек Боронов дагы бар”, - деди.

“Аны сиз уюштурушуңуз керек болчу. Эки микрофон коюп дегендей. Бул сиздин күнөөңүз” деди Абдылдаев.

“Отуруп эле алсын, талапкерлер трибунага чыгып суроолорго жооп беришсин” деп жооп кайтарды Керезбеков.

“Уруксатпы? Отура берсем болобу?” деп суроо узатты депутатка Абылгазиев.

“Эми отура бериңиз" деп жооп берди Абдылдаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан