КСДПнын жаңы төрагасымын деген Абдрахманов: "Атамбаев менен соттошуудан коркпойбуз"

"Алмазбек Атамбаевдин Башкы прокуратурага кайрылганы мыйзам ченемдүү көрүнүш" деп бүгүн, 28-майда маалымат жыйынында өзүн "КСДПнын төрагасымын" деген Сагынбек Абдрахманов билдирди.

"Биз Атамбаев менен соттошууга даярбыз. Ал бизди сотко бербей жатпайбы. Биздин аракеттерибиздин баары мыйзамдуу" деди Абдрахманов.

Мындан тышкары ал 3-апрелде КСДПнын 18-съездине Атамбаевге чакыруу келгенин, бирок ал келүүдөн баш тартканын айтты. "Атамбаев бизди маскарапоздор деп партиялаштарынын намысына шек келтирген" деп кошумчалады Абдрахманов.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын" документине өзгөрүүлөр кирген. Мисалы, "Жетекчинин аты-жөнү" деген жерде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин ордуна Абдрахманов Сагынбек Үмөталиевич деп жазылган. "Партиянын негиздөөчүсү" деген жерде Алмазбек Атамбаевдин ордуна "Физикалык жакка алмаштыргыла 1" деп турат. Ошондой эле партиянын дареги өзгөртүлгөн.

Буга нааразы болгон КСДПнын, саясий кеңешинин мүчөлөрү аталган министрликтин алдында 22-апрелде акция өткөрүшкөн. "Адилетсиз министрлик" деп аталган акциянын жүрүшүндө партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү мекеменин ичине кирип, министр менен жолугушкан. Андан кийин алар партиянын маалыматын кайра өзгөртүү үчүн бардык керектүү документтерди тапшыра тургандыгын айтышкан.

Башкы прокуратура КСДПны кайра каттоо фактысы боюнча кылмыш ишин ачкан. Тергөө ишин УКМК жүргүзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан