Өкмөт башчы айыл чарба министрине талапкерлигин койгон Тилек Токтогазиев тууралуу: "Анын мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жок"

"Айыл чарба министрине талапкерлигин койгон Тилек Токтогазиевдин мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жок" деп бүгүн, 28-майда комитет жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

"Ооба, бизге жаңы күч керек, бирок анын мамлекеттик кызматта эч кандай тажрыйбасы жок. Кечээ Токтогазиев менен биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов жолукту, ал аны энергиясы көп экен деди. Бирок жаштыгына эле басым жасоо туура эмес, тажрыйба да керек", - деди Абылгазиев.

Премьер-министр Токтогазиев күнөскана багыты боюнча адис катары жумушка чакырыла турганын кошумчалады.

Буга чейин өкмөт башчы аталган кызматка Эркинбек Чодуевди сунуштаганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Tursunbaev2017
2019-05-28 12:23:42
келгиле туугандар кол жыйнайбыз Тилек Токтогазиевке иштей турган жигит,үмүт бар ушу балада
+8
Tursunbaev2017
2019-05-28 12:24:43
Абылгазиевдин өзүн иштен алыш керек,эч нерсени кыйраткан жок,кыйратпайт дагы
+6
Tursunbaev2017
2019-05-28 12:27:24
дагы бир себеби бул орун сатылдыда 200 пайыз
+5
titanik32
2019-05-28 12:37:23
Тилек Токтогазиевди мамлекеттик кызматта уурдап жегенге тажрыйбасы жок деп ишке албай коюшуптур тооба.Ошентип мамлекеттик ишке жолотбой жүрө берсеңер кайдан алат тажрыйбаны?.
+6
ruslanz
2019-05-28 13:09:36
Откондо пр.министр жол министрин корсоткон, анысы асфальтын калындыгын билбей койгон, ошондо Момбеков "мунун кантип иштейт мурда министр-те бир кун иштебептир" деп сураганда акырындык менен уйронуп кетет деп жооп берди эле.Абылгазиев озу пр.мин-ке жарабайт.
+6
Tursunbaev2017
2019-05-28 13:46:32
ruslanz,өзү мокок,командасы дагы мококтордон болуш керекда
+2
Kyrgyz_bloger
2019-05-28 13:20:42
Бизде бойдок жаш кыз ген.прокурор болгон,тажрыйбасы жок деп эч ким айткан эмес,мам.иштер 15 айлыктан ойдосу бут сатылат ГЭС ке электро слесарь болуп киргенге эле 70 мин,акушерге 40 мин шапка,анан министрликтер бекер эмес да,ошондуктан Бишкекте бир дагы бай эмес МЭР ди корбодум,озун иш жузундо корсоткон тажрыйбалуу адам айтса дагы тушунмокмун.
+4
Adi010891
2019-05-28 13:24:21
Тажрыйбан бар сен эмнени кыйраттын земляк? Атак мен сиздин соседтиниз болом айылдан
+5
admin_portal
2019-05-28 14:19:06
KGZ-RUS, коомдук адепти сактаңыз. Эскертүү!
-5
fora
2019-05-28 14:24:37
Тажрыйбалуу болуп эмнени кыйраттынар
+4
Snejana
2019-05-28 15:13:27
Тажырыйба болгондо кандай тажырыйба? 2-3 жыл жеп-ичкенди, уурдаганды уйронуп, анан мамлекетке иштетиш керек дегендей эле айтыптыр. Негизи тажырыйбаны башка жактан алган жакшы. Госто иштегендердин кобунун билим денгээли томон, ал жактан жеп-ичкенди эле уйронбосо, уйрончу эч нерсе жок. Элестеткиле, "санариптештируу"-деп эми ойгонуп атышат. Айлыгы аз жерде билимдуу, озуно ишенгендер иштебейт.
+4
Snejana
2019-05-28 15:15:47
Гос жумуштагылар оздорунон кыйынды эч качан жумушка албайт. Аларга шомтуроп, козун карап турган бироо керек.
+5
Sahka
2019-05-28 16:22:37
Оо калайык айтып жатпайбы. Тажрыйба жоок. Кантип жегенди, кантип сатканды, кантип тоногонду билбеейт деп.
+3
Kylychisa
2019-05-28 20:36:33
Чынында болбойт та кандай эле куноскана иштеткен бала мамлекеттик денгелде айыл чарба болуп калат?
-1
ruslanz
2019-05-28 23:45:47
Kylychisa,Ошол куноскананы иштетиш учуг жагы мээкерек,эмгек,ожорлук керек.Болбосо баары эле иштете бербейт беле,демек башка жаштардан артыкчылыгы бар.Азыркы министлер куносканаа дагы иштете албайт,тааныш билиш менен кызматка келгендер.
+3
nabievich
2019-05-29 09:40:05
күнөскана иштетип иштей берсин мен 2000 малым бар анда мени деле колдоп койгула министр болойун
+1
Sahka
2019-05-29 15:43:47
ОЗУ Кыргызстанга ушунча министерствонун кереги барбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан