Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-майда комитет жыйынында айтты.
Ал эми буга чейин "Бир бол" партиясы сунуштаган, жаш талапкер Тилек Токтогазиевди министрликке күнөскана иштери боюнча адис катары ишке тартуу ою бар экенин кошумчалады. Депутат Алтынбек Сулайманов анын тажрыйбасы жок экенин, бирок өкмөттүн курамына жаш кадрларды тартуу зарылчылыгы турганын айткан. Өкмөт башчы эл өкүлүнүн бул оюна макул экенин билдирип, бирок жаш болгондугу үчүн эле мамлекеттик чоң кызматтарга дайындоо туура болбой каларын белгиледи.
Эркинбек Чодуев 2014-жылдан тартып Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары болуп иштеп келет.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев 24-майда отставкага кеткен.