"Атамбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери аркылуу Азиз Батукаевди бошоткон" дейт өзүн КСДПнын төрагасымын деген Абдрахманов

"Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери аркылуу Азиз Батукаевди бошоткон" деген пикирин бүгүн, 28-майда маалымат жыйынында өзүн КСДПнын жаңы төрагасымын деген Сагынбек Абдрахманов билдирди.

"Мурдагы вице-премьер Шамиль Атаханов кармалганда бул жалган-жалаа эртели-кеч бүтөт деп айтты го. Ал өкмөттө иштегенде, Улуттук коопсуздук комитети, Жазаларды аткаруу кызматы, Ички иштер министрлиги да ага баш ийген эмес. Атамбаев бул мекемелер аркылуу иштерин жасаган. Муну тергөө көрсөтөт", - деди Абдрахманов.

Мындан тышкары ал Атамбаев өзүн коргоо үчүн партияга жана массалык маалымат каражаттарына муктаж экенин айтты.

Буга чейин КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина билдиргендей, азыркы бийлик Азиз Батукаевдин ишин Атамбаевге атайылап байланыштырууда. "Эмнеге 6 жылдан кийин бул ишти кайра эстешти? Анткени Атамбаевдин айланасындагылардын баарын камагысы келип жатат", - деди Карамушкина.

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Атамбаевдин оппоненттеринин аракеттеринен майнап чыкпай турганын айтты. "Батукаевдин бошотулушун Атамбаевге атайын байланыштырып жатышат. Экс-президентке каршы сүйлөгөндөр өздөрү ири суммадагы акча алганын Батукаевдин туугандары айтышкан", - деди Жолдубаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан