Өлкөдө ВИЧ илдети аныкталган адамдардын саны жыл сайын 800гө чейин өсүүдө

Өлкөдө ВИЧ илдети аныкталган адамдардын саны жыл сайын 800гө чейин өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Республикалык СПИД борборунун директору Үмүт Чокморова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 1-апрелине карата жалпы республикада аталган илдетти жуктурган 9010 адам каттоого алынса, алардын ичинен 1952си каза болгон.

"Жыл сайын ВИЧ илдети аныкталган 700-800 учурлар катталууда. Бул дартты эрте аныктап, дарылоо үчүн биз жаңы ыкмаларды киргизгенбиз. Мисалы, шилекей аркылуу же кан аркылуу дартты аныктоодо мурда кеминде 5-6 жума убакыт керектелсе, азыр анализдердин жыйынтыгы 1 жумада гана чыгат. Жаңы ыкманын жардамы менен 132 миң киши текшерилип, 952 жаңы учур катталды. Экспресс тестирлөө деп аталган бул ыкма Орто Азияда биринчи болуп Кыргыз өлкөсүнө киргизилди. Жакын арада жарандарга өзүн-өзү текшерүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Кош бойлуулукту аныктоочу тест сыяктуу эле ВИЧ илдети бар же жок экенин аныктай турган тесттер ар бир дарыканаларга таратылат. Коомчулук өзүндө бул илдет бар же жок экенин сөзсүз текшерип, керектүү учурда дарыланбаса мунун аягы кайгылуу аяктап калышы мүмкүн.

ВИЧ - 21-кылымдын чумасы деген кептер азыр актуалдуулугун жоготкон. Дарылануу аркылуу коопсуздукту сактаса болот. Азыр мурдагыдай күнүнө 7-8 таблетка дары ичүүнүн кажети жок. 1-2 таблетка гана жетиштүү. Жакын арада 1 айда бир жолу эмдөөдөн өтүп коюп деле кадимкидей жүрсө боло турган мүмкүнчүлүк түзүлөт. Андыктан аталган илдеттин калктын калың катмарына тарап кетүүсүн алдын алып, азыртадан тиешелүү кадамдарды жасашыбыз керек", - деди Чокморова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pamirlan
2019-05-28 15:57:40
Чон баннерлерге жазып илип койуш керек, чон кочолорго, ушунча адам спид оорусун жуктурду сактангыла деп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан