Экономика министрлигине келе турган адам коркпой-үркпөй иштеши керек. Мындай пикирин бүгүн, 28-майда парламенттин комитет жыйынында депутат Алмазбек Токторов билдирди.
Ал экономика министрине талапкерлиги көрсөтүлгөн Санжар Муканбетовго кайрылып, аны күчтүү болууга чакырды.
"Экономика министрлигине келе турган адам коркпой-үркпөй иштеши зарыл. Сиз да 1 жылга жетпей кетип калышыңыз мүмкүн. Өзүңүздүн оюңузду айтып, кызматтан кетүүдөн коркпошуңуз керек. Эрктүү, бекем болуңуз деп суранам. "Эптеп эле өтүп алсам, күн өткөрөм" деген ой болбошу керек. Премьер-министрге өз оюңузду айтыңыз. Балким, жыйынтык бир жылда болбошу мүмкүн, бирок кийинки жылдары сөзсүз болот", - деди депутат.
Талкуудан кийин комитет жыйынында Санжар Муканбетовдун талапкерлиги жактырылды. Анын өмүр баянын бул жактан окуй аласыз.