Буга чейин айыл чарба министри кызматына өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн Тилек Токтогазиев мамлекеттик кызматка чакырылат. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда комитет жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Депутат Абдывахап Нурбаев Токтогазиев тууралуу суроо берди. “Ал жигит тууралуу көп талкууланды, айтылды. Өзүңүздөр ага жолугуп, уктуңуздарбы?” - деди депутат.
Абылгазиев талапкер тууралуу "бул жигит Киргшёлк айылында күнөскана иштетип, бадыраң өстүрөт экен. Кыргыз-Орус Славян университетин аяктаган. Мекен үчүн кызмат кылам деген сезими күчтүү жигит экен. Айыл чарба министри дайындалса, аны кызматка чакыруу ниетибиз бар" деди.
Буга депутат “бизде мекен үчүн кызмат кылам деген чиновниктер жок болуп жатпайбы. Эгер Токтогазиевдей талапкерлерди кызматка алып келсеңиз, сиздин жүзүңүз болуп бермек да” деген оюн айтты.