Бүгүн, 28-майда парламент комитетинде укук коргоо органдарынын тутумун реформалоо боюнча мыйзам долбоору жактырылды.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов баяндама жасады. "Мыйзам долбоору укук коргоо органдарынын системине жүктөлгөн милдеттерди аткарууга, оптимизациялоого, укук коргоо органдарына кызматка алууда ачыктыкка жетүүгө багытталган. Ошондой эле долбоор укук коргоо кызматын модернизациялоого, кызматкерлерди кесипкөй тандоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндөгү укук коргоо органдарында саясий кызматтарды ээлеген адамдарга карата жайылтылат", - дейт Курсан Аснов.