Мамэкотехинспекция: "Өзгөндө шаар бийлигинин шалаакылыгынан саркынды суулар топтолуучу жайлар иштебей турат"

Мамэкотехинспекциянын Өзгөн району боюнча региондук башкармалыгы 15-майдан тарта 30-майга чейин экологиялык жана техникалык тармактарга пландуу текшерүү жүргүзүүдө. Текшерүүнүн алкагында шаардык мэриянын мыйзамдагы милдеттерин аткарбай жаткандыгы аныкталды. Маалыматты аталган инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Өзгөн шаардык мэриясына караштуу “Борбордук” кварталындагы көп кабаттуу үйлөрдүн септиктеринин абалы текшерүүгө алынган. Натыйжада көп кабаттуу үйлөргө тийиштүү саркынды сууларды топтоочу септиктердин 3 даанасы санитардык жана экологиялык талаптарга жооп бербегендиги аныкталган.

"Аталган септиктер 1980-жылы курулуп, андан бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөй келген. Септиктер өз учурунда тазаланбагандыктан кир суулар нугунан чыгып, жергиликтүү тургундардын жайларына чейин жайылып, көлмө пайда болгон. Шаар бийлигинин айтымында, көп кабаттуу үйлөр менчиктештирилип кеткендигине байланыштуу жашоочулар өз учурунда акча төлөбөй септиктерди жаңыртууга каражат бөлүнбөй келген. Саркынды топтоочу септиктер негизинен Өзгөн шаар мэриясынын муниципалдык менчигине караштуу жеринде жайгашкан.

Талап боюнча септиктерди оңдоп-түзөө жана үзгүлтүксүз ишке берүү шаар жетекчилигинин милдетине кирет. Бирок учурда Өзгөн шаардык мэриясынын муниципалдык жетекчилиги “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдагы милдеттерди аткарбай келет. Шаар бийлигинин шалаакылыгынын кесепетинен учурда Өзгөн шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн кир сууларын топтой турган септик иштебей турат. Мунун негизинде жергиликтүү бийлик өз ишин так аткарбагандыгы аныкталды", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
BekAmir
2019-05-29 10:41:10
Оорунун баарын пайда кылат бул суулар
0
titanik32
2019-05-29 11:47:34
Өзгөн шаар болгондон кийин шаарга окшош керек да.Домдордон чыккан саркынды суулар шаарды базарды каптап жатат.Өзгөн МЭРиясы эч бир иш жүргүзбөйт бул туурасында.32-д- домдун артында септик курула турган жерди Баня кылат деп сатып жиберишкен ошону текшергиле.МЭР өзбек үчүн өзбек махаля бүт асфальт болгон.Кыргыз жашаган домдор эмне адам эмесби кыргыздар условия вообще жок.МЭРия улуттук мааниде иш кылат. Ошону айтып дегиле жакшы иштесин.Баняны текшергиле септик ордун кандай алып алганын.Сөз көп...
0
elchi84
2019-05-29 13:08:44
Озгондо эмне текшеруу болбойбу? Мерин айдаш керек иштен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан