Депутат Мыктыбек Абдылдаев өкмөт мүчөлөрүнүн талапкерлигин эртең, 30-майда кароону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бүгүн өкмөт мүчөлөрүнүн талапкерлиги каралып, жактырылса буйрукка президент кол койгонго жетишпей калат. Президент 3 сутканын ичинде буйрук чыгарышы керек. Бүгүн биз макулдук берип калсак, ал киши кол койгонго жетишеби? Ошондуктан бул маселени эртең карасак туура болот", - деди Абдылдаев.
Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Казакстандан учуп келе турганын айтып, бул маселени карай берүүнү сунуштады.