Премьер-министр: "Экономика, айыл чарба тармагында бир топ кемчиликтер болду"

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөн жумада өкмөттүн курамында өзгөрүү болгонун эске салды.

"Өкмөттүн аппарат жетекчиси, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчиси, экономика министри, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри өз каалоосу менен кызматтан кетишти. Алардын ишмердүүлүгүнө ар кандай бааларды берсе болот. Биз ар кандай сөздөрдү айткандан алыспыз, алар колдорунан келген жумушту аткарышты. Экономика министрлигинин негизги иши болгон инвестиция тартуу жаатында бир топ кемчиликтер болду. Айыл чарба министрлигинде экспортту өнүктүрүү боюнча коомчулукта узак убакыттан бери нааразычылыктар болду. Өкмөт бардык шарттарды түзүп берди. Бирок натыйжа коом каалагандай болгон жок. Ал эми маалыматтык технологиялар жаатында жетекчилер кызматтык ишеним көрсөтпөөдөн улам ишинен кетти. Коом тарабынан жетекчилерге сын-пикирлер айтылды. Ар бир жетекчи баарынан мурда коомдун, мамлекеттин алдындагы жоопкерчилигин билүүгө тийиш. Өкмөттүн ишин жакшыртуу үчүн мындан ары дагы катуу сын көз караш менен карайбыз", - деди ал.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Эркинбек Чодуевдин, экономика министрлигине Санжар Муканбетовдун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин, өкмөттүн аппарат жетекчилигине Самат Кылжыевдин талапкерлиги сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан