Депутат Бакирдин Субанбеков өкмөт мүчөсүнө талапкерлерге кагаз жүзүндө жазылган программаларды ишке ашыруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Биздин республика - агрардык мамлекет. Мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин кемчиликтерин билип жатабыз. Картошка өтпөй калды. Аталган министрликке талапкер Эркинбек Чодуевдин программасы жакшы жазылыптыр. Айтсаңыз, иш жүзүндө ишти эмнеден баштайсыз?" - деп сурады депутат.
Чодуев жазгы-талаа иштери бүткөнүн эске салды. "Продукцияларды сатууга шарттарды түзгөнгө аракет кылабыз. Министрликте экспортту өнүктүрүү боюнча бөлүм түзүлөт" деди Чодуев.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Эркинбек Чодуевдин, экономика министрлигине Санжар Муканбетовдун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин, өкмөттүн аппарат жетекчилигине Самат Кылжыевдин талапкерлиги сунушталууда. Учурда алардын талапкерликтери Жогорку Кеңеште каралып жатат.