Абылгазиев министрликке талапкерлерди кантип тандай турганын айтты

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина өкмөт мүчөсүнө талапкерлерди премьер-министрге ким сунуштай турганын сурады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөсүнө 4 талапкерди өзү тандаганын айтты. "Айрым учурларда кеңешүүлөр болот. Талапкерлерди кесипкөй сапатына карап тандайбыз" деди ал.

Депутат министрлер кетирген каталарына жоопкерчилик албай кетип жатканына нааразы болду. "Эмнеге министрлер кетирген кемчиликтери үчүн жооп беришпейт. Премьер-министр кеткен министрлерди жазалабайт. Демек, талапкерлерди алып чыккан фракцияларды жазалаш керек", - деди Карамушкина.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Эркинбек Чодуевдин, экономика министрлигине Санжар Муканбетовдун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин, өкмөттүн аппарат жетекчилигине Самат Кылжыевдин талапкерлиги сунушталууда. Учурда алардын талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан