Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңеште депутат Жанар Акаев бир министр кызматы бошосо эле эл өздөрүнүн талапкерлерин түртүп баштай турганын айтты.
"Анткени өкмөттө элге жакын, тыгыз иштешкен талапкерлер аз болуп жатат. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн Тилек Токтогазиевди душман көрбөй аны тийиштүү тармакка тартып, пайдалануу керек. Талапкерлерди жаман деп айта албайбыз, колдоп беребиз", - деди Акаев.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Токтогазиевди чакырып, сүйлөшкөнүн айтты. Өкмөт башчы билдиргендей, Токтогазиевди айыл чарба же башка тармакка колдонууга аракет кылышат.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Эркинбек Чодуевдин, экономика министрлигине Санжар Муканбетовдун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин, өкмөттүн аппарат жетекчилигине Самат Кылжыевдин талапкерлиги сунушталууда. Учурда алардын талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралып жатат.