Депутат премьер-министрге: "Сиз жөнүндө айтылган сын-пикирден кийин бул кызматта калууга моралдык укугуңуз барбы?"

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңеште депутат Максат Сабиров акыркы убактарда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жөнүндө көп сын-пикирлер айтылып жатканын билдирди.

"Бажаңыз Иманкадыр Рысалиев тууралуу, кайнежеңизге акча которгонуңуз боюнча бир топ сын-пикирлер айтылды. Ушундан кийин сиздин бул кызматта калууга моралдык укугуңуз барбы?" - деп сурады депутат.

Премьер-министр Иманкадыр Рысалиев бажасы экенин айтты. "Эгерде мен бирөөгө бажам менен иштейсиңер, баласын кызматка аласыңар деп айткан болсом жоопкерчилик алганга даярмын", - деди ал.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Эркинбек Чодуевдин, экономика министрлигине Санжар Муканбетовдун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин, өкмөттүн аппарат жетекчилигине Самат Кылжыевдин талапкерлиги сунушталууда. Учурда алардын талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралып жатат.

Буга чейин 17-майда Жогорку Кеңеште “КТ Мобайл” компаниясы боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өткөн. Анда “Мегаком” компаниясынын директору Акылбек Жамангулов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болгонун айткан.

Ал эми Рысалиев "Мегакомдун" башчысынын айтканы жалган жана чагымчылдык" деген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан