Парламентте өкмөт мүчөлөрүнүн талапкерлиги жактырылды

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрүнүн талапкерлиги жактырылды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттарга талапкерлерди колдогондору үчүн ыраазычылык билдирди. "Талапкерлерди колдогонуңуздарга ыраазычылык билдиребиз.Мен сунуштаган талапкерлерди колдоп бердиңиздер. Ишенимиңиздерди актаганга аракет кылабыз", - деди премьер-министр.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Эркинбек Чодуевдин, экономика министрлигине Санжар Муканбетовдун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин, өкмөттүн аппарат жетекчилигине Самат Кылжыевдин талапкерлиги жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан