Ырчы Бегимай Бекбоева башынан шишик алдырды. "Шишиктин пайда болгонун 1 жарым жыл мурун билгем" дейт ал

Ырчы Бегимай Бекбоева башынан шишик алдырды. Ырчынын айтымында, операция Бишкектеги Улуттук онкология борборунда орун алган.

"Мындан 1 жарым жыл мурун башымда шишик пайда болгонун билгем. Алгач кичинекей деп айтышкандыктан көңүл бурбай жүрө бериптирмин. Бирок көп ойлонуп, бир нерсеге сарсанаа болгон сайын ал чоңоё берет экен. Жыйынтыгында, операция жолу менен алдырууга туура келди. Азыр дарыгерлердин көзөмөлүндөмүн", - деди ал.

Ошондой эле учурда рактын баштапкы этабы бар же жогун текшерүү үчүн анализ тапшырганын, анын жыйынтыгы чыга электигин кошумчалады.

"Анализдин жыйынтыгы жакшы чыгат деген үмүттөмүн. Эми эле чыгармачылыкка кызуу кирише баштасам, бул дарт жабышты. Оорунун жакшысы жок да. Эң негизгиси ден соолугума көңүл буруп, андан соң кайрадан чыгармачылыкка убакыт бөлө баштайм", - дейт ырчы.

Ырчы Бегимай Бекбоева башынан шишик алдырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
aliya-leyla
2019-05-29 22:30:49
Кудайым шыпаасын берсин. Эч ким оорубасын
+29
Merelisha
2019-05-29 23:04:46
Айыгып кетсин.
+23
pat12
2019-05-29 23:42:37
Биринчи ден соолук. Абдан сулуу жакшынакай айым.
+19
radostmoya
2019-05-30 10:15:02
Бегимай Кудайдын улуу кунундо сага бекем ден соолук тилеп кетем! Биз билип- билбеген канча оор кундорду откордун! Жаштыкка алдырбай жанагы жигитине турмушка чыгып, балалуу чакалуу болбодун. Эми айыгаарын м.н турмуш жолуна аттан. Убакыт учкан куш. Жашоонун жыргалын тат. Бактылуу болуп жаша!
+13
barakcha
2019-05-30 10:21:59
Жакшы болуп кетиниз.Эч ким оорубасынчы!
+8
Muzik
2019-05-30 11:17:35
Оз апасын уйдон кууп чыгып, каргыш тийген го.
-11
katerina.li
2019-05-30 12:18:14
Muzik,адам ооруганда шакаба кылба. Сен эмне болосун ким билет эртен эле. Бегимай ,ооруба алтышка . Доктурлардын колу женил болуп тез сакайып кет. Ооруган адам эч кимге кереги жок болуп калат. Ден соолугуна каранып жур.
+3
taalay25
2019-05-30 19:59:22
Muzik,ким айтты сага ал маалыматты?
0
Nurkyz1977
2019-05-30 12:33:38
Бироонун кайгысынан кулку жаратпасанар эртен сенин башына кандай иш тушот бир Кудай озу билет. Апасын кантип эле кууп чыксын апасы озу ушундай жашоону тандап алдыда. Коп ойлонуп кыжаалат болгондон да болсо керек,аман эсен сакайып кет. Апасы озу акылы жок аял окшойт акылдуу адам балдарын таштап кетпейт эле. Баарынарга сабырдуулук,ыйман,ынтымак эки дуйно бактылуулугун каалайм!
+5
vikidiki
2019-05-30 12:56:37
Жакшы болуп кет! Анализдер таза чыксын ылайым!
+6
Aktan2018
2019-05-30 17:45:56
Аныкы шишик эмес эле жировик го,аны студенттер эле алып койот.
-4
Ma9
2019-05-31 13:17:24
Баштын шишиги жаман оорусу чыдатпай оорутат сакайып кетиниз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан