27-май күнү саат 23:00 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында 2012-жылы туулган М.Н. аттуу бала дайынсыз жоголгон. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Туугандарынын айтуусу боюнча, бала Кайырма каналына түшүп кетиши мүмкүн. Алар Куткаруу кызматына издеп берүүнү сурап кайрылышкан. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын куткаруучулары жана ИИМ кызматкерлери чыгып, издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес.
Бүгүн, 29-май күнү издөө иштери улантылууда.
Ал эми 17-май күнү Нарын районундагы Он-Арча суусуна агып кеткен С.Н. аттуу 6 жашар кыз дагы деле табыла элек.
"Аны издөө үчүн №16 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгууда. Кечээки издөө иштеринен натыйжа болбогондуктан саат 18:40та иш токтотулган. Бүгүн да издөө иштери уланууда", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Ошондой эле куткаруучулар менен катар жергиликтүү тургундар, кыздын үй-бүлөсүнүн туугандарынан да чыгып издешүүдө. Он-Арча суусу Нарын дарыясына куйгандыктан кыздын туугандары Нарын дарыясы аралап аккан Жан-Булак, Куланак айылдарынын тургундарынан да жардам сурашууда.
6 жашар кыз 17-майда балдар менен ойноп жатып, бут кийимин сууга түшүрүп алган. Аны алууга аракеттенип жатып, өзү сууга түшүп кеткен. Кыз түшүп кеткен Он-Арча суусу Нарын дарыясына куят.