Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңеште мамлекеттик органдарга автоунааларды, эмеректерди сатып алууга 3 жылга чейин тыюу салуу токтом долбоору каралды.
Токтомдун демилгечиси Мурадыл Мадеминовдун айтымында, токтом долбоору аркылуу мамлекеттик органдардын бюджеттик каражатка автоунааларды, уюштуруу техникаларын, эмеректерди сатып алуусуна 3 жылга чейин тыюу салуу чаралары сунушталууда.
Депутат Кубанычбек Нурматов 30 миӊден ашуун калкы бар айрым айыл өкмөттөрүндө СССР убагында калган эски эмеректер турганын, аларды жаӊысына алмаштырууга мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын айтты. Ал эми депутат Акылбек Жапаровдун пикиринде, автоунааларды сатып алууга тыюу салып, каражаттарды курулушу бүтө элек мектептерге жумшоо керек.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик органдар тарабынан жылына сатып алууларга республикалык бюджеттен 2 миллиард сомдон ашуун каражат жумшалат.