Жогорку Кеңештин агрардык комитетинин төрагасы болуп Нурбек Алимбеков шайланды

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңеште Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы болуп Нурбек Алимбеков шайланды.

Буга чейин аталган комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров болчу. Назаров башка кызматка дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Ал "Улуттук энергетикалык холдингдин" жетекчиси болуп дайындалган.

Нурбек Алимбеков 1975-жылы 13-мартта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1997-жылы Ош технологиялык университетинин "инженер-технолог" адистигин, 2000-жылы Ош технологиялык университетинин юридика факультетин, 2007-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин финансы жана кредит факультетин, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Башкаруу академиясын бүтүргөн.
Эмгек жолун 2003-2005-жылдары "Алимбеков" биргелешкен ишканасынын директорлугунан баштаган.
2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин жетектөөчү адиси болуп иштеген.
2008-2010-жылдары жоопкерчилиги чектелген "Папан Курулуш" ишканасынын директору болуп эмгектенген.
2008-2010-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Свердлов райондук аймактык депутаттык топтун жетекчиси болгон.
2010-жылы "Республика" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
2015-жылдын 4-октябрында “Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан