Мэрия: "Ош шаарында иш таштаган касапкана ээлери бүгүн кайра иштеп башташты"

Кечээ, 28-майда Ош шаарында касапкана ээлери иш ташташкан.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсатаров SUPER.KG порталына билдиргендей, бүгүн эт кайрадан сатылып баштады. "Касапкана жана мал союучу жайдын ээлери мэр Таалайбек Сарыбашов менен жолугушту. Буга чейин кышында эки мал союучу жай талаптарга жооп бербегендиктен жабылган. Мэр аларга кандай жолдорго барышса да, шаардагы мал союучу жайлар талаптарга ылайык келбесе ачылбай турганын айтты.

Касапкана ээлери райондордо союлган этти шаарга алып кирүүгө уруксат берилбей жатканын айтышты. Мэр бул маселе боюнча тийиштүү кызматтар иш алып бара турганын билдирди", - дейт басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
BekAmir
2019-05-29 19:38:11
Мэр молодец
0
bessmertiy
2019-05-29 20:57:42
Шейит-Дөбөдөгұ Ак-Буура эс алуу жайынын жанында мал сойгон жер бар. Кан-жин аралаш бүт баары Ак-Буура дарыясына агып чыгат. Ошол жерди да бир текшерип коюшса. Супер инфо ушуну тиешелүү жака билдирип койсоңор.
0
admin_portal
2019-05-30 11:12:18
bessmertiy, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Chungyz
2019-05-30 10:09:47
Козомолго алыш керек орозонун кунундо элди этсиз калтыргандар уят
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан