"Ала-Тоо" аянтын чиймелеп, булгаган жаран изделүүдө. Ал "мени кылмышкер издегендей издешет" деп нааразы

28-майдан 29уна караган түнү Бишкек шаарындагы борбордук "Ала-Тоо" аянтынын көчөлөрүнө белгисиз жаран өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасын жазып кеткен. "Тазалык" муниципалдык мекемесинин кызматкерлери көк сыр менен жазылган жазууларды жууп, ал эми мэрия укук коргоо кызматына тартип бузган адамды издөө арызы менен кайрылган.
Социалдык тармактагы баракчасы аркылуу анын сүрөтүн тараткан мэриянын басма сөз кызматы шаарды булгаган адам изделип жатканын билдирди. Интернет колдонуучулар анын номерин таап, сүрөттөрүн баракчасынан көчүрүп алып таратышты.
Ал эми изделип жаткан жаран түшкө маал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, аны кылмышкер издегендей издеп жатышканына нааразы болгон.
"Эмнеге кыздарды уруп зордуктагандарды, маньяктарды мынчалык издешпейт? Баары эле мени жаңылыктардан чыгарып калышты. Жаман оюм жок эле жазып койгом", - дейт тартип бузуучу. Мындан соң ал баракчасын жабык аккаунт кылып койгон.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматына изделип жаткан адам тууралуу кайрылганыбызда, ал кармала электигин билдирди.
"Ала-Тоо" аянтына көк сыр менен жазып кеткен өспүрүм
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Moskow83
2019-05-29 18:25:39
ХХХХХ.андан коро бетине жазбайсынбы.кылмышкерден дагы хужесин
+11
rysik79
2019-05-29 18:29:52
Вандал.
+10
Adi010891
2019-05-29 19:10:27
Туура кылат издеп, таап туруп туйруп коюшса экен.
+11
elb_2121
2019-05-29 20:32:15
Качан онолобуз билбейм,ушуга окшогондордун айынан
+10
karona12
2019-05-29 20:50:40
Кылмышкер эмес эмнесин? Бишкекти тым таракайын чыгарып буттунор,ар ким каалаганынарлы кылып атып.Жаштар малдан айырманар жок эркиндик бульварындагы скамейкаларды корсон бут эле баланча +баланча болуп кеткен.
+11
Kaary
2019-05-29 21:58:59
Сен жаздың, мен да барып жазам эртең, аны көрүп дагы көбү жазып баштайт. Ошол жакшыбы? Өзүңдү тааныткын келсе иним жакшы жагыңды тааныт
+9
bond02
2019-05-29 23:09:20
Катуу жазалаш керек да мындайды, Ала тоо аянты Кыргызстандын жузу да.
+4
admin_portal
2019-05-30 11:18:40
aiba.8327, коомдук адепти сактаңыз. Эскертүү!
0
Defend.
2019-05-30 12:35:37
Америкада Линкольндун айкелине атыңарды жазганыңар жетиштүү эле го, ХХХХ
+4
Asyl10
2019-05-30 13:25:06
Бул кылыгы туура эмес,штраф салыш керек, кийин мынтпей турган болот. Элдин баары шаардын коомдук жайларына ушинтип даректерин, аттарын жаза берсе шаарыбыз эмне болот. Эми мынтип жазгандан эмне тапты ал жигит. Штраф салбаса кайра эле очошуп жаза берет мына силерге деп. Негизи адамдар аябай эле тартипсиз болуп баратабыз, озубуз жашаган уйду озубуз булгап, жыргап отура беребиз кыйраткандай болуп.
+2
shirinai
2019-05-30 14:45:02
Штраф салыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан