"Бажа гейт" бүтө электе эле "бажы гейт" башталып кетти" деп бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.
"Кыргыздардын "дейт" деген сөзү менен америкалыктардын "гейт" деген сөзүнүн эч айырмасы жок экен. Кыргызда укмуштуу кабарды дейт десе, "гейт" деген чуулгандуу дегенди билдирет экен. Эки жума мурун "бажа гейт" деген балээ башталды эле. "Акчанын майдасы тыйын болот" дейт, "атасы баласынан кыйын болот" деп өкмөт башчынын бажасы байлыкта отурганы, баласы айлыкта отурганы боюнча комиссия түзүлдү эле. Ал бүтпөй жатып эми "бажы гейт" деген башталып кетти", - деп Момбеков Бажы кызматындагы коррупциялык схемалар ачыкка чыкканын айтты.